Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айып пулдун кайсы түрлөрү төмөндөйт?

Күн чекит | 19 Июл 2019 | 1068 | 0

Жол кыймылынын эрежелерин бузууга салынчу айып пулдардын айрым түрлөрү өзгөртүлөт. Бул маселе вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында өткөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында каралды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылган аймактардан башка жерлерде жол кырсыктарынын санынын өскөнү байкалган. Мындан улам бизде: «Айып пулдардын кайсы түрлөрү төмөндөйт?» — деген сыяктуу суроолор пайда болуп, ага жооп алуу үчүн Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов менен түз эфирден маек курдук.

— Эреже бузуунун кайсы түрлөрүнө өзгөртүү киргизүү пландалып жатат?

— Жалпысынан жол эрежелерин бузуу боюнча кодекстин 11 беренесинде айдоочулардын жоопкерчилиги каралган. 16 жол эрежеси бир гана беренеге киргизилген. Ал жактагы 3000 сом айып пул өлчөмү II категорияда каралган. Бул боюнча талкуулап, I категориядагы тартип бузуулардын айып өлчөмүн 1000 сомго түшүрүүнү пландап жатабыз. Бирок айдоочуларга да эскертүү беришибиз керек, айып пул арзан деп, ар кандай жол эрежелерин буза берүүгө болбойт.

— Биринчи пункт дедиңиз. Тагыраагы, кайсыларга?

— Азыр биз конкреттүү түрдө тиги же бул деп атап бере албайбыз. Бирок жөө адам өтчү тилкелерден (зебра) өтүп кетүүлөр боюнча маселе көтөрүлдү. Анткени, «Коопсуз шаар» долбоорунан улам байкап жатабыз, ушундан айдоочулар көп аксайт.

— Эмне үчүн же элден кайрылуулар түштүбү?

— Ооба, бул нерсеге эл да түрткү болду. Биз ар дайым коомдун ою менен эсептешебиз. Андан тышкары, «Коопсуз шаар» долбоорунан түшүп жаткан каражаттар да түрткү болду.

— Ылдамдыкты ашыруудан башка да кайсы айып пулдар өз күчүндө калат?

— Бул жерде мас абалында унаа айдагандардын айып пулу калат. Ал тургай, буларга салынчу айыптын өлчөмүн дагы көтөрүүнү пландап жатабыз. Өзүңөр деле көрүп жатасыңар, мунун айынан канчалаган адам өмүрү менен кош айтышып, канчалаган адам майыпка айланууда. Ошондой эле, каршы тилкелерге чыгып кетүүнүн да айып пулу төмөндөбөйт. Жол чырактын кызылы күйүп турганда өтүп кеткендердики да каралбайт.

— Буга чейинки айып пулдарга мониторинг жүргүздүңүздөрбү? Коюлган айыптар туура деген аныктама барбы?

— Албетте аныктама болот. Ар бир иш мыйзам чегинде жасалат. Бул үчүн биз отчет берип турабыз. Мониторинг күнүгө эле жүрөт.  Себеби, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында баары көрүнүп, билинип турат да.

— Кайра каралган жагдайлар качан ишке кирет?

— Жакын арада чечилбейт. Анткени, алгач биз иштеп чыгышыбыз керек. Андан кийин өкмөткө жиберебиз. Жогорку Кеңеш каникулдан келгенден кийин депутаттардын сынына коюлат. Алар чечет.

Copyright © 2017 Maral FM