Connect with us

Маматалиев: Бийлик митингде айтылган сындардын баарын талдашы керек

Күн чекит | 3 Июл 2019 | 1057 | 0

3-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бир катар саясатчылар жана тарапташтары митингге чогулуп, бийликке кайрылуу жолдошту. Анда резолюция кабыл алынып, элита жаңыланышы керек деген да талаптар коюлду. Анда айтылган сындар жана иш-чара тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен маек курдук.

— «Жаңы элита келсин» деген талаптар коюлду. Элита дегенде кимдерди айтып жатат? Бул талап канчалык жүйөлүү?

— Кыргызстанда жарандар бийликке сын айтып, талаптарды койгонго укугу бар. Бирок бир адамдын же чакан топтун кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттүүлүккө шек келтире турган сунуштарды көтөрүп чыгуудан сак болуу керек. Элита боюнча сунушка келели. «Парламент тарасын» деп ачык айтып жатышат. Бирок Жогорку Кеңешти эл шайлаган. Эгерде алар экс-президенттик макамды алып койгону үчүн кетсин деп жатышса, туура эмес болуп калат. Ал үчүн парламенттин дарегине так, даана күнөөлөрдү коюп берүү керек. Ал эми жалпы элита кетсин дей турган болсо, андайлар Кыргызстанда аябай көп. Билимдүү, акылдуу тажрыйбалуу, мамлекет башкаргандар бар. «Жалаң жаштар келсин», — деп жатат. Бул аракет жаштарды козутууга багытталгандай сезилип жатат. Мындан бир аз этият болуу керек. Анткени, Атамбаев да: «Мени коргобой эле койгула, Мээрбекти коргоо керек», — деп жатат. Эгерде Мискенбаевдин мыйзам менен чече турган маселеси болсо, сот аркылуу чечип алсын.

Атамбаев азыркы президенттин дарегине сын айтып, “Кан төгүлүү болуп кетсе, сен жооп бересиң” деп чагымчылдыкка жакын эскертүүлөрдү билдирип жатат. Бул мыйзамга туура келбейт.

— Митингде карапайым жарандар да чыгып сөз сүйлөп, аларга куугунтук болуп жатканын айтышты. Буга бийлик кандай чара көрүшү керек? Негизи эле айтылган сындардан кандайдыр бир эскертүүлөрдү алышы керекпи?

— Албетте, ал жерде айтылган бардык пикирлерди бийлик талдап чыгышы керек. Эгерде жөнөкөй жарандарга да куугунтук болуп жаткан болсо, аны токтотуу керек. Өкмөттүн дарегине кадр маселеси боюнча айтылган сындар да жөндүү.

— Мындан кийинки кадамдары кандай болушу мүмкүн?

— Эгерде мыйзамдын негизинде чогулуп, бийликтин, өкмөттүн каталарын айтса, аны эл да туура эле кабыл алат. Кандайдыр бир агрессивдүү кадамдарга барып, чаң-тополоң чыгарууга аракет кыла турган болсо, укук коргоо органдары чара көрөт.

Copyright © 2017 Maral FM