Биз менен байланышыңыз

Аида Салянова 26-июнга чейин абакта калтырылды 

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 719 | 0

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны 26-июнга чейин  УКМКнын тергөө абагында калтырды. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди.

Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде сурак бергенден кийин 48 саатка кармалган.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Саляновага каршы мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев көрсөтмө берген. Ал эки күн камакта отуруп, тергөө менен келишип, «Мени чыгарасыңар, Салянованын мага буйрук бергени тууралуу көрсөтмө берем», — деп айткан.

Кошумчалай кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан соттолуп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалган болчу. 2013-жылдын апрелинде айыккыс ак кан оорусу менен ооруйт деген бүтүм чыгып, камактан бошотулуп, Грозный шаарына учуп кеткен. Батукаевдин иши боюнча 2019-жылы кайра жанданып, тергөө иштери жүрүүдө.

Анын алкагында кримтөбөлдүн «рак оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да кармалып, ал 22-майда үй камагына бошотулган.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да камалган. Ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM