Биз менен байланышыңыз

«Тоо-кен тармагын башкаруу саясатын турукташтыруу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2019 | 470 | 0

Инвестициялык долбоорлор шарттар түзүлбөгөнүнө байланыштуу кечигип, же ишке ашпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу тоо-кен тармагы боюнча көз карандысыз серепчи Кубан Ашыркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тоо-кен тармагын иштетүүгө Кыргызстандын потенциалы жетпейт. Мындан улам, инвестиция тартып, шарт түзүү зарыл.

Өкмөттүн милдети: коопсуздукту камсыздап, шарттарды түзүп берүү. Ал эми бизнес жумушчу орундарды түзүп, инвестицияларды башкаруу менен ишкердикти жүргүзөт. Бул экөө бири-биринен бөлүнүп турушу керек. Эгерде өкмөт башкарууга кийлигишсе, органикалык система бузула баштайт. Мындан улам, өкмөттүн аралашуусу бизнеске пайда алып келбейт.

«Өткөн жылы чет өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү 30 %га түшүп кетиши, өкмөттү, жалпы серепчилерди ойго салат. Дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй, эгер өлкөдө согуш болсо, ушундай абал жаралат. Бирок бизде баары тынч. Андыктан, өкмөт инвесторлорго мыйзамдык шарттарды да түзүп бериши керек. «Мамлекеттин үлүшү болгон компаниялар эффективдүү иштеп жатабы же коррупциялык шарттар түзүлүп жатабы?» — деген маселе көтөрүлүп жатат», — дейт Ашыркулов.

Ал белгилегендей, тоо-кен тармагын башкаруу саясатын стабилдүүлүккө алып келүү кажет. Эгерде өлкөдө мыйзамдар, шарттар улам өзгөрө берсе, узак мөөнөттүү инвестициялар келбейт. Анткени, инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин узак мөөнөткө түзүп, каражатын эсептейт.

Ашыркулов буга кошумча, өлкө башчылардын мамлекеттик визиттеринде ар дайым министрликтер долбоорлорду даярдай турганын айтып, бирок анын ишке ашышын убакыт көрсөтөрүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM