Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевде моралдык жоопкерчилик болсо, өзү отставкага кетмек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
«Абылгазиев: «Менин артымдан жаман сөз ээрчип калды. Бийликтин ишенимин аткара албай, президенттин ураанына, негизги реформасына көлөкө түшүрдүм. Мындай шартта өкмөттү башкарууга негиз жок деп ойлодум», — деп кызматтан кетип калса, премьер-министр өз атын, абийирин сактап калмак. Азыр комиссия менен кете турган болсо, аны тарых да сактап кала албайт», — дейт Момбеков.
Белгилей кетсек, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экендиги ачыкка чыгып, коомдо талкуу жаратууда.