Биз менен байланышыңыз

Карасартова: УКМКда реформа болбосо, парламент өнүкпөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 439 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде Улуттук коопсуздук комитетининен жетекчиси алмашса да, абал өзгөрбөй турганын  билдирди.

Анын айтымында, УКМК ири реформага муктаж.

«Реформаны алдыга жылдыруу үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун эрки керек. Реформа болбосо, кайсы киши кызматка келбесин жакшылык болбойт. УКМК маселесине чекит коюу узак убакытты алат. Өлкө башчы «реформаны баштадык» деп койсо, эл токтойт. Жээнбеков УКМКга реформа жасап кетсе, башка институттардын да «көзү ачылып» калмак. Тилекке каршы, ким гана болбосун «президенттикке келгенде УКМКны реформа кылам» дейт. Бирок аткарышпайт», — дейт Карасартова.

Ал УКМКда реформа болбосо, парламент өнүкпөй турганын белгиледи.

Айта кетсек, Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда отставкага кетти. Төраганын мындай чечим кабыл алышына биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM