27-мартта Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өттү. Анын алкагында Орусия менен Кыргызстандын университеттеринин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, эки өлкөнүн Билим берүү министрлери жана 70тен ашуун университеттин ректорлору катышты. Алар жалпы Евразиялык билим берүү чөйрөсүн түзүү жана күчтөндүрүү, жогорку билим берүүдө кызматташтыктын горизонтун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» аталышындагы форуму алгачкы жолу өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Өлкө башчы ректорлордун форуму ар кандай чакырыктарга жана тобокелчиликтерге жооп катары, келечекте аракеттенүү планын кабыл алуу үчүн өзгөчө аянтча экенин белгиледи.
Президент мындан 30 жыл мурун эки өлкөнүн бирдиктүү билим берүү системасы болгонун, ал ошол учурдагы адистик муктаждыктарды чечип келгенин эске салды. Бирок учурда мындай көрүнүштүн жок экендигин айтып, бирдиктүү билим берүү аянтчасын түзүү муктаждыгына токтолду.
Ошондой эле өлкөлөрдүн алдында турган жаңы маселелерди учурдагы билим берүү системасынын базасы менен чечүү мүмкүн эместигин айтып, «Мындан улам жаңы долбоор, жаңы идеялар керек», — деди.
— Биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарыл. Өнүгүүнүн жаңы жолдорун табуу үчүн жалпы дискуссиялар, ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүүгө чын дилден умтулуу керек. Бүгүнкү ректорлор форуму замандын чакырыктарына жооп табууга жана биргеликте издөөгө арналган деп ойлойм. Бүгүн бул меморандумдар кызматташуу жөнүндө болсо, ал эми эртең билим берүү, илимий изилдөө, инновациялык долбоорлору реалдуу жыйынтыктары менен болушу керек. Адам капиталын өнүктүрүү биздин өлкөлөрдүн атаандаштыктагы артыкчылыгы болот деп ишенем, — деди жыйында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Форумдун алкагында эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда 70тен ашык меморандум, макулдашуу жана келишимге кол коюлду. Мындан сырткары, эки мамлекеттин ортосунда жалпы билим берүү жана илим мейкиндигин түзүү маселелери талкууланды.
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев форум эл аралык диалогду өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болгонун айтып өттү.
— Форумдун максаты жалпы билим берүү жана илим мейкиндигин түзүү болуп саналат. Мунун алкагында билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан саясат, механизм, программалар шайкеш болушу шарт. Алардын баарын жакындаткан учурда, биздин жаштар Орусиянын окуу жайларына кенен бара алат жана эч кандай тоскоолдуксуз билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат.
Орусиянын ар бир университети түрдүү өлкө жана шаарларда өнөктөштөрү болушун каалайт. Мындан улам окуу жайлар аралык кызматташууга кызыктар. Бул тууралуу Новосибирск техникалык окуу жайынын ректору Анатолий Батаев маалымдады.
— Ушул сыяктуу иш-чаралардын арты менен биргеликте изилдөөлөрдү жүргүзө алган кесиптештерди табабыз. Мындан улам форум — абдан маанилүү иш-чара. Ал өз ара тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Орусия университеттеринде акысыз билим алуу боюнча бул жылы кыргызстандыктарга 370 орун бөлгөн. Бирок Орусиянын КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана эл аралык кызматташтык боюнча федералдык агенттигинин жетекчиси Элеонора Митрофанова бул квота аздык кыларын айтат. Анткени өткөн жылы Кыргызстандан 3 миңдей жаран Орусиядан билимин жогорулатуу боюнча арыз жазган. Ошол себептүү гранттык орундарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
— Илимий изилдөө иштери менен катар кыргызстандык студенттер Орусиядан тажрыйба алмашуусу үчүн Кыргызстандын ЖОЖдору менен келишим түзүүгө даярбыз. Мындан сырткары, аралыктан окутуу программаларын ишке киргизүүгө, ошондой эле магистратуралык билим менен гана чектелбей, кайсы бир адистикке алдын ала даярдоо үчүн 1-курстан баштап окутууга кызыктарбыз. Бул боюнча кыргыз тараптан сунуштарды күтөбүз.
Форумдун алкагында Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты, жогорку окуу жайлардын рейтинги тууралуу атайын системаларды түзүү боюнча сунуштар айтылды.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева форумдун алкагында келип түшкөн сунуштар каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынарын билдирди.
— Жаш илимий адистердин деңгээлин жогорулатуу боюнча дагы долбоорлорду сунушташты. Кандай гана келишим түзүлбөсүн, эң негизгиси — натыйжа. Мен кол коюлган келишимдердин натыйжасы болот деп ойлом. Биз бүгүн да сүйлөшөбүз. Кайсы долбоордун үстүндө иштешибиз тууралуу так мөөнөттөрдү белгилейбиз.
Ал эми Кыргызстан тараптан КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Орусияны жалаң гана жогорку окуу жайлар менен эмес, орто мектептер менен да кызматташууга чакырды. Мындан сырткары, Орусияда билим алып жаткан кыргыздар көп экенин белгилеп, Кыргызстанга Орусиянын кампусун ачуу сунушун айтты.
— 20-30 жылдан кийинки кыргыз-орус мамилеси бүгүн кол коюлуп жаткан келишимдерге байланыштуу болот. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттарынын бир бөлүгү билим берүү тармагына иштесин деген сунуш киргизип жатабыз. Бизге керектүү адистерди даярдоого мүмкүнчүлүгүбүз болушу керек. Мисалы, Кыргызстанда эл аралык укук боюнча бир да адис жок экен.
Орусиялык Ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий форумдун жүрүшүндө билим берүү системасы заманбап болушу үчүн өлкөлөр өз ара кызматташууга муктаж экенин баса белгиледи. Анын баамында, ар бир өлкөнүн өзгөчө жетишкендиктери болот.
— Бүгүн жолукканыбызга өтө кубанып турам. Биздин тамырыбыз бир. Учурда бардык мамлекеттердин билим берүү системасында жаңы тапшырмалар, чакырыктар бар. Ага башкача даярдык көрүү керек. Биз окутуп жаткан жаңы муун мурунку муундан айырмаланып турат. Мындан улам алдыда болуп, түрдүү чакырыктарга жооп беришибиз зарыл. Буга чейин гуманитардык, табигый илимдер боюнча жакшы байланыштар болду. Мен бул мамиле туруктуу болоруна ишенем.
Виктор Садовничий өз сөзүндө Кыргызстанга Москва мамлекеттик универсиетинин филиалын ачуу маселесин бир нече жолу көтөргөнүн, бирок оң жооп ала албаганын белгиледи.
Буга Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева төмөнкүдөй жооп берди:
— Мен Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу демилгеси канча жолу көтөрүлгөнү, маселенин тарыхы боюнча айталбайм. Азыркы форумдун алкагында буга чейин биз Орусиянын Билим берүү министри менен да сүйлөшкөнбүз. Алдыда ММУнун филиалын ачуу маселесин актуалдаштырып карап чыксак болот.
Ректорлор аралык форум билим берүүдө пайда болгон жаңы ыкма, адистиктер боюнча маалымат алмашууга чоң мүмкүнчүлүк. Бирок Кыргызстан бир гана Орусия менен эле эмес, Европа, Америка мамлекеттеринин университеттери менен да кызматташышы керек. Мындай пикирин мурдагы Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова билдирди.
— Жогорку окуу жайлар чакырыктарга биринчилерден болуп жооп бериши керек. Ошондуктан башкалардан тажрыйба алуу, форумдарды уюштуруу жакшы нерсе. Мындан сырткары Европа, Америка мамлекеттери менен дагы иштешкенибиз талапка ылайык. Бирок бул жерде саясий күч болушу зарыл.
Кошумчалай кетсек, учурда Орусиянын ЖОЖдорунда Кыргызстандын 15 миңден ашуун жараны билим алып жатат. Ал эми Кыргызстанда бир жарым миңдей орусиялык студент билимин жогорулатууда.