Биз менен байланышыңыз

Экспорттоодо товар жана сырьёлук биржанын ролу

Экономика | 27 Мар 2019 | 1009 | 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гульнура Омурзакованын маеги:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча Жарлыгына ылайык кандай иш чаралар көрүлдү?

-“Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз фондулук биржасы менен биргелешип “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун базасында товардык биржасынын электрондук аянтчасын иштеп чыкты.

Бул аймактарда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын эл аралык рынокторго чыгаруу ишин камсыз кылат.

-Товардык биржасынын электрондук аянтчасынын максаты жөнүндө айта кетсеңиздер?

Сырьелук биржа өзүнүн алдына төмөнкүдөй негизги милдеттерди койду:

-аймактардан иштелип чыккан продукцияларды эл аралык рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууну;

-товарларды экспорттоонун жана импорттоонун майнаптуулугун өстүрүү жана жогорулатууну;

-сатып алуучуларды жана сатуучуларды издеп табууну жеңилдетүүнү, соода-сатыктарды майнаптуу жүргүзүүнү;

-биржадагы бүтүмдөрдү жасоонун тунуктугун камсыз кылууну.

-«Товардык-сырье биржасы» деген эмне?

Товардык-сырье биржасы ар кандай товарлар, сырьелор менен соода-сатыктарды кыла турган аянт жана ошол товарларды өткөрүүчү туунду курал болуп саналат. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү товардык-сырье биржаларынын басымдуу бөлүгү колуна тийген сырьелордун баардык түрлөрү, айыл чарба продукциялары менен соода-сатыктарды жүргүзүшөт, ошондой эле алардын негизинде контракттарды түзүшөт.

-Сырьелук товар биржасы качан ишке киришти?

Товардык-сырьелук биржанын секторундагы пилоттук тооруктар 2018-жылдын 27-декабрында өткөрүлгөн. Анда “Ош Ак Таш” ачык акционердик коомунун 2 мин чарчы метр сары таш (травертин) курулуш материалдары сатыкка коюлган.

-Товардык сырье биржасын кимдер уюштура алат?

Аккредиттөөнүн жол-жоболорунан өткөн жана биржалык тейлөө келишимин түзгөн жеке жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун биржалык электрондук тооруктарына катыша алышат.

Катышуучулар биржадагы баардык операцияларды трейдерлер аркылуу жүзөгө ашырышат. Биржадагы каттоого алуулар жана акредитациялоолор бекер жүргүзүлөт.

-Баалуу кагаздар рыногундагы азыркы абалга кыскача токтоло кетсеңиздер?

Баалуу кагаздар рыногунда бүгүнкү күндө 74 юридикалык жак 107 лицензиянын негизинде өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Алсак, брокер жана дилердик иш менен – 72 компания, баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча – 16 компания, инвестициялык активдерди башкаруу боюнча – 11 компания, депозитардык иш боюнча – 3 компания жана инвестициялык фонддун иши боюнча – 4 компания.

2018 жылдын жыйынтыгы менен баалуу кагаздарды фондулук биржада сатуунун көлөмү 283 млрд. сомду түздү.

Ал эми 2017 – жылдын жыйынтыгын алсак ал 7 млрд. сомду түзгөн эле.

Баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдүн саны 2017 – жылы 3137 болсо, 2018 — жылдагы жыйынтыгы 4710ду түздү, же болбосо бул 66% өсүш болду дегенди түшүндүрөт.

-Электрондук биржалык соода-сатыктар кандай артыкчылыктарды берет?

Биржада электрондук соода-сатыктарды жүргүзүүнүн бир катар артыкчылыктары бар, ал сатып алуучуларга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

— суроо-талап менен сунуштун обьективдүү катнаштарынын негизинде, атаандаш чөйрөнүн шарттарында түзүлгөн баада мыкты товарды ыкчам тандап алууну.

Ал сатуучуларга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

— сатып өткөрүүчү рынокторду олуттуу түрдө кеңейтүүчү жана өзүнүн продукцияларын пайдалуу сатуучу.

Ал сатыпалуучуларга жана сатуучуларга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

— ар бир конкреттүү бүтүмдөн пайданы максималдуу алуучу, сооданын жүрушун тездетүүчү жана тартипке салуучу, соода-сатык-сатып алуучулук иштеги чыгашаларды кыскартуучу.

-Жабык акционердик коом “Кыргыз фондулук биржасынын” уставдык капиталынын мамлекеттик үлүшү канча?

Жабык акционердик коом “Кыргыз фондулук биржасынын” уставдык капиталы бүгүнкү күндө 40 миллион 848 миң сомду түзөт, мамлекеттик үлүшү 33,3% пайызды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM