Connect with us

Адабий чыгармаларды басып чыгаруу үчүн сынак жарыяланды

Кыска кабар | 20 Янв 2019 | 587 | 0

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду, балдар үчүн сүрөттүү китептерди, усулдук колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөттө сынак жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, тандалып алынган мыкты чыгармалар «Азыркы адабият», «Дүбүрт», «Дүйнѳлүк адабият», «Дүйнѳ» серияларынын алкагында жарык көрөт.

Аталган сынак 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын» аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулууда.

Чыгармалар жана котормолор 2019-жылдын 17-январынан 17-мартына чейин кабыл алынат. Сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп берип, Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊештин сынынан өткөн соң, мыкты деп табылгандары жеңүүчү катары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM