Бишкек шаарында Бишкек баатырдын эстелигинин долбоору талкууланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талкуу 21-январда саат 10:00дө «Бишкекбашкыархитертура» муниципалдык ишканасынын отурумдар залында өтөт. Ал эми 22-январда саат 09:30да калыстардын отуруму болмокчу. Талкууга каалоочулардын баары катыша алат.
Аталган сынакты өткөрүү милдети «Бишкекбашкыархитертурага» жүктөлгөн. Сынакка бардыгы болуп 18 билдирүү келип түшкөн.