Биз менен байланышыңыз

Роналду 5-ирет «Жылдын мыкты футболчусу» аталды

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 470 | 0

«Ювентус» футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 5-ирет «Globe Soccer Awards» сыйлыгынын «Жылдын мыкты футболчусу» аталды.

Сыйлоо аземи кечээ, 3-январда Дубай шаарында өттү. «Жылдын мыкты футболчусу» наамы үчүн Криштиану Роналду, «Атлетико» футболдук клубунун чабуулчусу Антуан Гризманн жана ПСЖ клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе ат салышкан. Жыйынтыгында былтыркы сезондо «Реал Мадрид» менен Чемпиондор Лигасын жеңген Криштиану Роналду жылдын мыктысы аталды.

Буга чейин Роналду  аталган сыйлыкка 2011, 2014, 2016 жана 2017-жылдары жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM