Ош шаарындагы ѳрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс, карышкырдын терилери табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, аталган жайдын ээси чакыртылып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
2019-жылдын 1-январында саат 07:50 чамасында Ош шаарынын Жим кѳчѳсүндөгү 1-үйдүн жер тѳлѳсүндѳ жайгашкан мейманкананын бѳлмѳлѳрүнүн биринен ѳрт чыккан. Ал жерден 2 аял кишинин денеси табылган болчу. Ош ШИИБдин оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ѳздүктѳрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыкты.
Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ѳрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуя Ош ШИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ѳрт коопсуздугун сактоонун талаптарын аткарбоо» фактысы катары катталып, ар тараптуу иликтѳѳ иштери башталды.
Бул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде «Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу» беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат кѳрсѳтүп жаткан.