Биз менен байланышыңыз

Султангазиев: Жол тандабасты алуу тууралуу келишим былтыр эле болгон

Күн чекит | 25 Дек 2018 | 1157 | 0

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганы ачыкка чыкты.

Парламенттин депутаты Аида Исмаилова медицина тармагында акча тартыш болуп жатканда бул жетекчилердин кылган иш-аракетин аягына чейин териштирип, алардын жоопкерчилигин кароону өкмөт башчысынан талап кыларын билдирди.

Учурдагы министр Космосбек Чолпонбаев жол тандабасты алуу маселеси ага чейин эле чечилип калганы айтып, долбоор боюнча кийин андан баш тартуу мүмкүн эмес экенин белгилеп жатат. Маселенин чоо-жайын ага чейинки министр Талантбек Батыралиев менен министрликтин коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев «Күн чекит» программасында айтып берди.

Марал: Министрдеги жол тандабасты алуу боюнча келишимге сиздин учуруңузда кол коюлганы айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?  Буга чейин унаа болду беле?

Батыралиев: Менин кызматтык унаам бар болчу. Бирок эч качан кызматкерге же министрдин өзүнө анын орун басарларына унаа алуу боюнча эч качан маселе көтөргөн эмесмин. Уккан дагы, көргөн дагы жокмун. Саламаттык сактоо тармагындагы унаалар мурунку долбоорлордон калган унаалар. Министр минген унаа Тойота үлгүсүндөгү болчу.

Марал:  Бул канчалык мыйзамдуу?

Батыралиев: Мен аны билбейм. Кантип өткөрүшкөнүнөн кабарым жок. Ошондуктан жаңылыш маалымат бербейм. Бирок мага телефон чалгандар көп болуп жатат. Андыктан жеке өзүмө жооп берейин. Министр жана анын орун басарларынын унаасы жөнүндө токтом бар. Ошонун негизинде колдончубуз. Анткен менен, айтылган унааларды алууга токтом дагы жол бербейт.

Марал: А токтомдо так кандай көрсөтүлгөн?

Батыралиев: Министрдикине айлык бензин 500 литр. Бирок минген унаанын моторунун өлчөмү 4-4,5 литр болуш керек. Ал эми орун басарлардыкы 2,7 литрден ашпашы керек. Мындай чектөөлөр аймактагы жетекчилерге каралган эмес. Бирок Батыралиев келишимге кол коюп кетти деген сөз чындыкка дал келбейт. Азыркы маалымат учурдагы министрге бирөөлөр так эмес берип адаштырып жатышат.

Марал: Айбар мырза, гранттык негизде келген акчага кымбат баалуу жол тандабастын алынып жатканы канчалык мыйзамдуу?

Султангазиев: Бүгүн мен бул суроону өзүм дагы министрликке барып тактадым. Документтерди карасак, жол тандабасты алуу боюнча маселе 2017-жылдын келишимине кириптир. Эл аралык уюмдар тендерди өз алдынча өткөрөт. Ошондуктан алар узак мөөнөткө созулат. Менин баамымда, бул алынган унаалар боюнча тендер былтыркы жылы эле башталган.  Унаалар эми келип жатышы ыктымал. Экинчиден, эмне себептен киргизилген? Марат Темирбековичтин сөзү боюнча бул унаалар 2 млн сомдон болгон. Чет өлкөлүк уюмдар өздөрү алып беребиз деген болсо, айыл-кыштактарга чакан «Нива» өңдүү унааларды алып беришмек. Бирок министрликке пайдаланууга десе, бул туура эмес.

Марал: Эми министрлерин жоопкерчилик маселеси каралышы керекпи?

Султангазиев: Эми бул маселени дыкат иликтеп чыгуу кыйын. Анткени бул жерде бюджеттин каражаты жок. Ошондуктан биздин органдар бул каражаттарды текшербейт. Экинчиден, ушул унаа алуу маселеси Жогорку Кеңештен каралып же каралбаганын так карап чыгуу керек. Анткени беренелерге “Алыскы аймактарга жеткиликтүү болуу”- деп эле киргизип коюшат. Бирок анда унаалар жөнүндөбү же башка жеткиликтүү жөнүндө сөз болуп жатканын билбейбиз. Ошондуктан ар бир берене текшерүүгө алынышы керек. Чындыгында, эл аралык уюмдар менен түзүлгөн келишимди оңдоо өтө кыйын. Анткени Вашингтон же Англия менен бир пикирге келүү белгилүү бир убакытты алат. Жоопкерчиликке келсек, келишимге кайсы министр кол койгон болсо, албетте ошол министрдин жоопкерчилиги каралууга тийиш.

Марал: Маегиңиздерге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM