Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин атын берүү сунушталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 641 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко Бишкектеги эски аянтка көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады.

Биздин шаарда эки чоң аянт бар, анын биринин аты жок. Ошол себептен Турдакун Усубалиевдин атын берүү мүмкүнчүлүгүн карайлы.

Шаардык кеңештин бүгүн, 26-ноябрдагы жыйынында калаанын бир районуна Чыңгыз Айтматовдун атын берүү маселеси дагы козголду.

Ошол эле учурда депутаттар көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө ыйгарым укуктары жок экенин, мындай сунушту өкмөткө кирзигүү керектигин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Рыспай Аматов айтты.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги көчөлөрдүн атын алдыңкы 5 жылда өзгөртүүгө мораторий киргизилген.

Турдакун Усубалиев 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык кызматтарда иштеген. Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышында Усубалиевдин эмгеги зор. Ал башкарган жылдары ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөн.

Агрардык республикада завод-фабрикалар, тоо-кен өнөр жайы, энергетикалык объектилер пайда болгон. “Манас” аэропорту, Өкмөт үйү, Улуттук филармония, Спорт сарайы Турдакун Усубалиевдин жеке аракети менен бүткөрүлгөн  курулуштардын эң ирилери болуп саналат.

Киев көчөсүнө Айтматовдун атын берүү сунушталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM