Connect with us

Курултайга президенттин аппаратынан келишти

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 638 | 0

Коомдук жана саясий уюмдардын курултайына Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Исаев жана башка депутаттар келген.

Курултайда 4 теманын негизинде кайрылуу болот. Иш-чарага аймактардан да келген делегаттар катышып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, аларга да сөз берилет, сөз сүйлөөгө ар бир саясий уюм бирден өкүл сунуштайт.

Ири иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM