Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Маевскийди Атамбаев өзү алып келген

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 630 | 0

Орус ишкери Леонид Маевскийди экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү алып келген. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Маевский буга чейин да шылуундук менен кармалган бирок боштондукка чыгып кеткен.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышам деп Атамбаевдин кемчиликтерин айтканда Текебаевге каршы иш ачыла баштады. Алгач саясий буюртмаларды аткарган сотторду жоопкерчиликке тартыш керек. Биринчи Кымбат Архарова, Адис Момуналиев аттуу судьяларды жоопкерчиликке тартыш керек«, — дейт Сооронкулова.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Өмүрбек Текебаев менен мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинде негизги күбө катары эсептелген орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты Леонид Маевский камакка алынган.

Маевский 2010-жылы «Мегаком» ишканасын сатып алуу  үчүн Текебаевге 1 млн доллар бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул даттануу Текебаевге айып тагууга негиз болгон. Жыйынтыгында Текебаев менен Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке чегерилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM