19-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7… -12, күндүз +7… +12;
Таласта түнкүсүн -4… -9, күндүз +6 … +11;
Баткен облусунда түнкүсүн -1 … +4, күндүз +9 … +14;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 … +2, күндүз +9… +14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;
Нарында түнкүсүн -12… -17, күндүз 0 …+5;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн -10 … -12, күндүз +7…+9 градусту түзөт.