Connect with us

«Жээнбековдун штабы шайлоодо 1 млрд сомдон ашык акча короткон» деген маалымат жарыяланды

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 2456 | 0

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо учурунда коротулган делинген каражаттын тизмесин чыгарды. Укук коргоочу бул маалыматты ким бергенин айтпай турганын “Марал” радиосуна билдирди.

Жарыялаган маалыматы Excel форматында болуп, анда шайлоо учурунда штаб 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаганы айтылган. Тизмеде эң көп каражат И.С. аркылуу С.Ш. бергени жазылган. Токтакунов бул ысымдарды Сооронбай Жээнбеков (СШ) жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп турган Икрамжан Илмиянов (ИС) болушу мүмкүн экенин жазган.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына берилген эсепте Сооронбай Жээнбековдун штабы 158 096 175 сом короткон деп көрсөтүлгөн.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева бул чындыкка дал келбей турган маалымат экенин айтты.

“Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат. Мөөрү жок, кол тамга (подпись) жок. Фейк маалыматты комментарий кылбайбыз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген”,-деди Стамалиева.

Кошумчалай кетсек, Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Маалыматты жарыялаган укук коргоочу Нурбек Токтакунов КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаковго жактоочулук кылууда.

Срочно!Про финансы избирательной кампании Сооронбая ЖээнбековаПоявились основания для импичмента президента. Пройдя…

Опубликовано Nurbek Toktakunov Четверг, 15 ноября 2018 г.

Copyright © 2017 Maral FM