Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Фирдавси атындагы маданият жана эс алуу паркынында «Оши палав» аталышында фестиваль өтүп, 1 тонна аш жасалды.
Дүйнөлүк басылмалар жазган маалыматка караганда, 1 миң кг тамак бир казанда даярдалган. Аны 7 ашпозчу түнү менен бышырып, эртең менен каалоочуларга тараткан.
Мындан сырткары сейил багына орто көлөмдөгү 400 казан орнотулган.
Фестивалда борбор калаанын 300гө жакын ашпозчу өнөрүн көрсөткөн.