Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: жигиттин өлүмүнө милицияларды күнөөлөшүүдө

Коом | 7 Ноя 2018 | 961 | 0

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун 18 жаштагы тургуну Эрмек Касымов өз жанын кыйып көз жумган. Бүгүнкү күндө маркумдун жакындары бул жоготууга милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы тургуну Эрмек Касымов үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында айылдагы бакка асынып көз жумган. Анын өлүмүнө милиция кызматкерлерин маркумдун бир тууган эжеси З.Касымова күнөөлөөдө.

-Инимдин дайыма акчасы бар, айлыгы 45 миӊ сом болчу. Мен өзүм Дубайда иштегендиктен, ал жактан да акча жөнөтүп турам. Анын акчадан деле кемчилиги болгон эмес. Ошол кишинин 3 метрлик дубалынан секирип 3 баш койду уурдаганга мүмкүн эмес болчу. Жогору жактан келип, ошону текшерип, экспертиза жүргүзүүсүн суранат элек. Милиция кызматкерлери бизди коргойт деп ишенебизби же же өлтүрүүчү катары коркобузбу?!

Касымовдун өлүмүнө байланыштуу окуя 15-октябрда башталгандыгын анын атасы Нурлан Асанбеков да тастыктайт. Анткени уулун ошол күндөн баштап райондук милиция кызматкерлери мал уурдоого шектеп, суракка чакырып турган. Бирок уулу кыйноого кабылып, акыры каргашалуу окуя менен бүткөнүн айтып кейиди. Андан бери 18 күн өтсө да тиешелүү органдарга чара көрүлбөй жаткандыгы нааразы кылууда.

Уулум 22-октябрда көз жумса, бүгүн 6-ноябрь болду. Ошол күндөн бери арыз жазып, президентке чейин кайрылдык. Андан сырткары башкы, облустук, райондук прокурорго жаздык, ИИМге, ЖК депутаттарына кайрылдык. Азыр дагы деле иш козголо элек. Баламдын өлүмүнүн себеби милиция кызматкерлери аркылуу болуп калды. 

Буга чейин облустук ИИБ басма сөз кызматы берген маалыматы боюнча, маркум Эрмекти милиция кызматкерлери Бөрү-Баш айылында жоголгон 3 койду уурдаган деген шек менен кармашкан. Кабар болгондой, бала уурдалган койду сатып, сүйлөшкөн кызына телефон алып берген. Бирок мындай маалыматты сүйлөшкөн кызынын атасы четке кагып, Эрмек бул жолго барбайт эле деген пикирин айтты. Алмаз Турсуналиевдин айтышынча, бул окуянын кесепети кызына да сокку берип жатат.

Ѳзүӊөр билгендей бул окуядан кийин кызымдын абал психологиялык жактан жабыркап Бишкек шаарына алып келдим. Ал эми Эрмек тууралуу айта кетсем, ал жакшы бала болчу. Мүнөзү токтоо, уурулукка деле барбайт эле. 

Азыркы тапта милицияга болгон нааразычылыктын аныгын билүү үчүн облустагы укук коргоочулар, акыйкатчылар иштеп жатат. Анын катарында «Вентус» коомдук бирикмесинин өкүлү Камил Рузиев тиешелүү кагаздарга таянып, чындыгында мыйзам бузулгандыгын билдирип өттү.

Биз КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси менен кылмыш ишин козгоо боюнча талап койгонубуз менен азыркы күнгө чейин суицид боюнча иш козголо элек. Конкреттүү далилдер бар. Сүрөттө экспертиза алынганда баланын денесинде көк ала бар экен. Аны биз экспертизага, прокуратурага жана УКМКга бердик, алар иштеп жатышат. Ошого көӊүл буруш керек. Маркумду ким сабады, ким урду, эмне себептен көк ала болду.

Азыр бул боюнча Ак-Суу райондук прокуратурасы карап жатат.  Асанбековдордун  кайрылуусунан улам, тиешелүү кызматкерлерге карата кылмыш ишти козгоодон мурда тактоо иштери жүрө тургандыгын прокурордун орун басары Уланбек Сулайманов маалымдады.

-Бул окуя боюнча арыз ээлери келип, аларды кабыл алганбыз. Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт бар. Тиешелүү деӊгээлде текшерүү иштери жүрүп жатат. Экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынып, арыз ээлерине берилет.

Copyright © 2017 Maral FM