Биз менен байланышыңыз

Илмияновдун жердештери митингге чыгышты

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 3064 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун колдоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып чыгышты.

Митингге Баткендин Катраң, Баул, Өзгөрүш айылдарынын тургундары чыккан, алар Илмияновго карата ачылган кылмыш ишинин калыс иликтенишин, анын үй камагына чыгарылышын суранышууда.

Эске салсак, 20-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Илмияновду 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо чечимин чыгарган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча айыпталууда.

Илмияновдун баш коргоо чарасы аныкталды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM