Connect with us

Окуучулардын мушташынан кийин айрым милиция кызматкерлери жазаланды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 681 | 0

Мектеп окуучуларынын мушташынан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан бир катар жетекчилер жазаланды. Алар:

— Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги И.Т. кызматына толук эмес ылайык келбөө жөнүндө эскертүү берилди;

— Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын улук инспектору, милициянын подполковниги Т.Д.га сөгүш жарыяланды;

— Ленин РИИБнин кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Д.К.га сөгүш жарыяланды;

— Ленин РИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын башчысы А.А.га сөгүш жарыяланды;

— Ленин РИИББнин коомдук копсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын инспектору, милициянын кичи лейтенанты Э.Б ээлеген кызматынан түшүрүлдү.

Эске салсак, 12-октябрда №47 мектептин 8-классынын окуучусу ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн. Ал 9-класстын окуучусу тарабынан сабалганын айткан. Бул окуяга байланыштуу аталган мектептин директору кызматтан алынды.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM