Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлү: Кызматтык сапар боюнча башка министрликтерди да карап чыгыш керек

Без рубрики , Пикирлер | 9 Окт 2018 | 787 | 0

Кызматтык сапарлар боюнча башка министрликтерди да карап чыгуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө иш сапарлардан кийинки мамиле калыптанышы керек. Бул боюнча мыйзамдарды карап чыгуу зарыл.

«Башка министрлердин кызматтык сапарын өзүм изилдечү болсом да мага коомдук кеңештердин, жарандардын жардамы керек. Депутаттар дагы чет өлкөгө сапарга чыкса отчёт жазат. Аткаминерлердин ишине да кызматтык сапарлардын натыйжасына карап баа берүү зарыл. Анын негизинде чыккан жыйынтыкты өкмөт башчы көзөмөлдөйт», — дейт Касымалиева.

Эл өкүлү жарандар министрликтерде болгон жагдайларды кат аркылуу жазып жатканын белгилейт.

«Кайдыгер эмес бардык адамдарга рахмат айткым келет. Аткаминерлердин иш сапарга чыгып, жыйынга катышпай дүкөн кыдырып, мейманканадан чыкпай койгон учурлары болот. Борбордук Азия мамлекеттерин карасак, алар конференцияны башынан аягына чейин угуп, жыйынтык чыгарат. Себеби алар бийликтен коркушса керек», — дейт эл өкүлү.

Касымалиева буга кошумча, өкмөттү парламент көзөмөлдөөрүн эскертип, аны туура кабыл алганда өнүгүү болорун белгиледи.

«Министрликтердеги коомдук кеңештер да мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. Ошол ишмердүүлүктү көзөмөлдөй албай жатабыз. Коррупция — кызыкчылыктардын кагылышуусу. Тууган деп кызматка татыксыз адамдарды дайындоо дагы коррупция», — дейт Касымалиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM