Connect with us

Өзбекстан 2025-жылы да Ооганстанга электр энергиясын экспорттойт

Кыска кабар | 19 Дек 2024 | 139 | 0

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдин мөөнөтүн 2025-жылдын аягына чейин узартты.

Ооганстандагы «Талибан» өкмөтү 2025-жылы Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан электр энергиясын импорттойт.

Ооганстандын Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) мамлекеттик энергетика компаниясы 17-декабрда Өзбекстан менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдин мөөнөтүн 2025-жылдын аягына чейин узартканын жарыялады. Келишимге Өзбекстанда DABSтин башкы директору Абдулборий Умар жана «Өзэнергосотиш» башкармасынын төрагасы Жахонгир Обиджонов кол койду.

Жеткирүүнүн көлөмү жана баасы, ошондой эле келишимдин башка деталдары ачык айтылган эмес.

«Талибан» ноябрь айынын аягында Тажикстан менен жана 7-декабрда Түркмөнстан менен электр энергиясын берүү боюнча келишимге жетишкен болчу.

Афганистандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин статистикалык маалыматтарына ылайык, өлкөнүн электр энергиясына болгон суроо-талап 1500 MWt түзөт. Анын 720 MWt жакыны импорттолсо, калган бөлүгү өлкөдө өндүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM