Connect with us

Акыйкатчы Ош облусунун тургундары менен жолукту

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 104 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусунун тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчы менен жолугушууга 400дөн ашык киши келди. Жыйынга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, элдин суроолоруна жооп беришти.

Аймак тургундары көбүнчө жер, турак жай, социалдык көйгөйлөр жана билим алуу укуктары бузулуп жатканын айтышты.

Ош шаарында жашаган этникалык кыргыз Акыйкатчыга кайрылып, Кыргызстандые паспортун алууга жардам берүүсүн суранды. Ал 20 жыл мурда Өзбекстандан тарыхый мекенине кайтып келгенин, бул убакыт аралыгында үй-бүлө күтүп, балдары бой жетип калганын айтты.

Мындан тышкыра Акыйкатчыга Кара-Кулжа районунун жашоочусу да жардам сурап кайрылды. Анын Орусияда иштеп жүргөн уулу эки ай мурда кармалып, учурда абакта олтурат.

Жамиля Жаманбаева Институт чет жерде жүргөн мекендештердин дагы укугун коргоорун айтып, Акыйкатчынын мандатына ылайык, жардам берерин билдирди.

Жолугушууда бир нече жаран Акыйкатчыдан Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарына жакын жайгашкан турак жайларга жана бизнес-объекттерине болгон укуктарын коргоп берүүнү суранышты.

Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жана жергиликтүү бийликти бул маселелерди объективдүү карап, ак ниет сатып алуучулардын укугун коргоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM