Connect with us

Жыл башынан бери өлкөдө 1,7 млн тонна сүт өндүрүлдү

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 115 | 0

Быйыл январь-ноябрь айында өлкөдө 1 млн 692,5 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери өндүрүлгөн сүттүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине карата 38 миң 208 тоннага же 2,4 пайызга көп экенин көрсөттү.

Өлкөдө сүт өндүрүүнүн өсүшүнө саан уйлардын саны былтыркы жылга караганда 16,5 миң башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы оң таасирин тийгизген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM