Connect with us

3 күндө Ысык-Көлдөн 5800 метр тор чыгарылды

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 98 | 0

14-15-16-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көл көлдөн 5800 метр тор чыгарышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, көлдү балык уулоочу тордон тазалоо иштери Түп районуна караган Күрмөнтү, Кутурга жана Кичи-Өрүктү айылдарынын аралыгында жүргүздү.

Аба ырайынын туруксуздугуна жана суукка карабай тазалоо иштерин тынымсыз улантып жаткан суучулдар 3 күндүн ичинде 6 800 га жакын жерди тазалашып, 5800 метр тор чыгарышкан.

2024-жылдын башынан бери ушул күнгө чейин көлдүн жалпы 401 миң 152,6 гектар жери тазаланып, 104 миң 200 метр балык уулоочу торлордон арылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM