Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыков Бакыт Толомушевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, экономика жана коммерция министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Экономика жана коммерция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.