Connect with us

Парламенттин дагы бир комитети «дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 195 | 0

«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-декабрдагы жыйынында биринчи окууда колдоо тапты.

Кечээ, 9-декабрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып биринчи окууда колдоо тапкан.

Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов баяндама жасады. Анын айтымында, учурда колдонулуп жаткан мыйзам учурдун талаптарына жооп бербей, бул мыйзам менен жөнгө салынбай калган көптөгөн маселелер бар экендигин айтып, диний саясаттынын эффективдүү жүрүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

“Учурда жарандарыбыздын динге болгон талабы күн чайын күчөп бараткандыгынан улам, чөйрөдөгу диний саясатты да замандын талабына ылайык жүргүзүү зарыл. Айрым талаш маселелер, анын ичинде үймө-үй кыдыруу маселесин Кыргызстан Аалымдар кеңеши милдеттүү эмес экендигин билдирген документ беришти. Ошондой эле мурда диний уюм катары катталып келген мечит, чиркөө, сыйынуу үйлөрүн диний объект катары каттоо сунушталып жатат”.

Азамат Юсупов мыйзамдын жаңы долбоорунун негизинде президент менен жана диний, саясий, коомдук ишкерлер менен бир канча жолу жолугушуу болгонун белгиледи.

30-августта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомчулукта ар кандай сын-пикирлерди жараткандан кийин, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Ноябрдын башында президент Садыр Жапаров «дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөргөн.

Анда мамлекет башчы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгилеген. Ал жыйында мыйзамды дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айткан.

Президент ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк беререрин айткан.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия азыр иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM