Connect with us

Жаңы ачылган Өзгөн айланма жолу убактылуу жабылды

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 227 | 0

Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өткөн акы алына турган жаңы автоунаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-декабрдагы жыйынында айтылды.

«Бүгүнкү күндө ал жерде автоматташтырылган система пилоттук режимде иштеп жаткан экен. Бирок ал жерде оптикалык кабелде авария болгонуна байланыштуу убактылуу жабууга туура келиптир. Андан сырткары, системаны банк системасы менен байланыштыруу аракети көрүлүп жатат. Мен жетекчиси менен сүйлөштүм, ушул жуманын аягына чейин жол кайрадан ачылат деп айтышты» , — деди Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев.

Өзгөн айланма жолун куруу 2024-жылдын январь айында башталган. Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынып, 6-декабрда ачылышы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM