Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ушул айда баштоо пландалып жатат. Бул тууралуу өзбек президентти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун туулган күнүн куттуктап, телефон чалганда айтылганы кабарланды.
Анда, Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын лидерине чын жүрөктөн бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, боордош кыргыз элинин бакубаттуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган масштабдуу реформаларды ишке ашырууда албан ийгиликтерди каалады.
Келишимдерди иш жүзүндө жогорку деңгээлде ишке ашырууга, айрыкча энергетика жана транспорт тармагындагы ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.