Брюсселде кыргыз киносунун кечеси өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинен кабарлашты.
Анда, Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгына, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, Кыргызстандын жана Россиянын элчиликтери тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага Бельгиядагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, анын ичинде Борбор Азия жана Азербайжан элчилери, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын күйөрмандары катышты.
Иш-чаранын алкагында “Кыргызфильм” жана “Ленфильм” киностудиялары тарабынан Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго жана Эл аралык тоо күнүнө арналган фото-көргөзмө уюштурулду.