Тай-Мурас Ташиев Өзгөн айланма жолун куруу долбоорунан чыкты. Бул тууралуу ал ЭлТР телеканалына берген маегинде кабарлады.
“20 жыл мурун курулган заводду сатып, кошумча насыя алып, жолго сарптадык. Бул өтө татаал жолдордун бири жана ал 15-20 жылда өзүн акташы мүмкүн. Мен азыр бул долбоордо жокмун. Учурда, үй-бүлөбүздүн Өзгөн айланма жолуна эч кандай катышы жок. 100% чыгып кеттик”, — деп билдирди Тай-Мурас Ташиев.
Эске салсак, Өзгөн айланма жолун куруу 2024-жылдын январь айында башталган. Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынып, кечээ, 6-декабрда ачылыш аземи болду.