Connect with us

Парламент Равшанбек Сабировдун талапкерлигин талкуусуз колдоду

Кыска кабар | 5 Дек 2024 | 159 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 5-декабрдагы жыйынында Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо боюнча президенттин сунушун колдоду.

4-декабрда өлкө башчынын Жарлыгы менен Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Жылдыз Полотова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.

Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон.

Ага чейин 2021-жылдын февраль айынан 10-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген. 

2020-жылы октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин вице-премьер-министр, 2011-жылы декабрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Социалдык өнүгүү министри кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM