Connect with us

Сирияда куралчан топ Алеппо шаарын көзөмөлгө алды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 579 | 0

Сириялык козголоңчулар Алеппо шаарына көзөмөл орноткондон кийин 3-декабрда өлкөдөгү ири шаарлардын бири Хамага бет алышты.

Хамага кол салуу Сириянын президенти Башар Асадды тынчсыздантып жатканын чет элдик басылмалар жазышты.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Сирияга аскер жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштырарын билдирди. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы “террордук агрессияны” токтотууга чакырганын РИА Новости агенттиги жазды.

Ирактын премьер-министри Шиа ал-Судани Багдад Сирияда “жөн эле байкоочу” болуп калбай турганын айтып, козголоңчулардын чабуулу үчүн Израилди айыптады.

2020-жылы Башар Асад Орусия жана Ирандын аскердик жардамынын аркасында өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн козголоңчулардан кайтарып алгандан кийин жаңжалдын фронту токтогон.

Сирияда куралдуу топтордун чабуулу 27-ноябрда Алеппо жана Идлиб провинцияларында башталып, кыскы убакыттин ичинде Алеппону басып алышты. Алеппо Сириянын түндүгүндө жайгашкан өлкөнүн стратегиялык маанилүү шаары катары эсептелет. Сирияда 2011-жылы башталган жарандык согуш мындан 4 жыл мурун тынчыгын.

Өлкөдө басымдуу аймакка Асаддын өкмөтү Орусиянын колдоосунда көзөмөл жүргүзөт. Аймакта дагы АКШ жана Түркия колдогон өзүнчө аскерий топтор бар. Ошондой эле Сириянын Түркия менен чектешкен түндүк аймагына күрттөр үстөмдүк кылат. 2017-жылы Асаддын бийлигине каршы бир нече оппозициялык топтор биригип, “Хаят Тахрир аш-Шам” тобу түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM