Connect with us

«Мал баккандан айырмасы жок». Депутат балдарга көңүл бурулбай жатканын сындады

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 228 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 4-декабрдагы жыйынында ата-эне балага толук мээрим төкпөй, алар телефон менен гана убакыт өткөрүп калганына кейиди.

Анысы аз келгенсип, айрым тарбиячылар тарабынан сабалганы өкүнүчтүү окуя экенин айтты.

Депутат бүгүнкү күндө ата-эне менен баланын ортосунда диалог жоголуп баратканын, алар убактысын бала бакчада өткөрсө, кечкисин телефондо өткөрөрүн айтты.

Депутат айылда малды да эртең менен кесүүгө чыгарып, кечинде тосуп алып, сүтүн саап, жемин берип, короого киргизип коюшарын мисал келтирди.

“Балага жомок айткан эне, жол көрсөткөн ата барбы? Бала бакчадан келгенде балабызга туулган жери менен улуту ким экенин угузуп, ураанын айттырбаса, анда биз кантип ата-эне болобуз? Бизге баланын билим алуу, калыптануу, дүйнө таануусунан көрө, акча табуу, тойго баруу, көр тириликтин көрөн-шараны менен көпкөнчүлүк кызыктуу болуп баратат. Анысы аз келгенсип, үйдөн мээрим көрбөгөн балага айрым тартиби жок тарбиячынын ур-токмогу, ачуу-кыйкырыгы балдарыбыздын көкөйүнө көк таштай тийип бүтмөй болду. Жалтаң, коркок, ата-эне мээримин көрбөгөн балдарды көрүп, кантип келечектен үмүт кылабыз. Балдарга болгон камкордугубуз, мээримибиз телефон болуп калды” , — деди депутат.

2-декабрда социалдык тармактарда Жалал-Абаддын Сузак районунда бала бакчалардын биринде балдар сабалганы тууралуу видео тараган. Анда тамак жебей ыйлап жаткан балага тарбиячы экени айтылган аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш иши козголгонун 3-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы бала бакчанын кызматкерлери балдарга ырайымсыз мамиле жасап, ата-энелердин бир нече жолку кайрылуусун четке кагып келгенин аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (“Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) боюнча кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM