Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда турган “Манас” эпосунун отуздан ашуун варианты санариптештирилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда “Манас” эпосунун күнү менен куттуктоосунда айтты.
Кыргыз улуттук “Манас” театры өлкө аймактарында, чет жактарда да борборлорун ачты.
Ошондой эле Таластагы “Манас Ордо” комплексин да жаңылоо боюнча долбоорлор иштелип жатат.
“Бүгүнкү Кыргызстан – дүйнөгө жаңыча мүнөз менен эшик ачкан, коңшулары менен тең ата сүйлөшүп, мамлекеттик принциптери, саясий эрки менен кыска аралыкта өнүгүүнүн жаңы экономикалык моделин көрсөткөн өлкө. Мындай мамлекетте негизги көңүл илим менен маданиятка бурулат.
Планетардык жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келди, бар ибаратыбызды жайып, руханий дасмиябызды даңазалоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Дүйнө өзгөрүп, жасалма интеллект кеңири жайылып бара жаткан бүгүнкү кырдаалда элибиздин феномени менен гана улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, элдүүлүгүбүздү бекемдей алабыз”, — деди Садыр Жапаров.
«Манас» эпосунун күнү 2015-жылы негизделген. Максаты — эпосту даңазалоо, манас таанууну жайылтуу жана манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу.
2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргызстандын атынан номинацияланган «Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары» долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.