Нурбек Букуев онкология жана гемотология улуттук борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Аны саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмгек жамаатына тааныштырды.
Нурбек Букуев буга чейин аталган борбордун гинекология бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Онкология жана гематология улуттук борборун буга чейин Бактыгүл Султангазиева жетектеп келген. Ноябрда ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын сынынан кийин кызматынан алынган.
Нурбек Букуев 1982-жылы туулган. Кыргыз-орус славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын доценти.