Connect with us

Жо Байден соттолгон уулуна ырайым берди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 522 | 0

АКШнын президенти Жо Байден эки кылмыш иши боюнча соттолуп, өкүмдү күтүп жаткан уулу Хантер Байденге ырайым берди.

Ушул жылдын сентябрь айында Байден өзү жана анын басма сөз катчысы да уулуна ырайым кылуу боюнча жарлык чыгарбай турганын билдирген.

Июнь айында сот отуруму 54 жаштагы Хантер Байденди 2018-жылы курал сатып алууда баңги затына көз каранды экенин жашырганы үчүн күнөөлүү деп тапкан. 2024-жылдын сентябрь айында Хантер Байден салык төлөөдөн качуу боюнча өзүнө козголгон экинчи кылмыш ишинде күнөөсүн мойнуна алган. Хантер Байден АКШнын тарыхында кылмыш үчүн соттолгон иштеп жаткан президенттин биринчи уулу болуп калды.

Хантер Байден ошондой эле баңгизат боюнча өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий максатта жалпы Байдендин үй-бүлөсүн каралоо үчүн колдонулганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM