Өлкөдөгү мектептерде телефон колдонууга тыюу салуу пландалууда. Бул боюнча Билим берүү министрлиги мектептерде телефонду пайдалануунун эрежелерин сунуштап, коомдук талкууга койду.
Министрлик, бул аракеттер окуучулардын ден соолугун, социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, мобилдик телефондор менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдү алдын алуу, коопсуз билим берүү үчүн жасалып жатканын билдирди.
Сунушталган эрежелерге ылайык:
- мектепке кирип бара жатканда ар бир окуучу, кызматкер, мектепке келген башка адам аны «үнсүз» режимге коюшу керек;
- класста жана аудиторияда телефон колдонууга болбойт, окуучулар аны өчүрүп, атайын телефон сала турган бокстарга салышат;
- телефонду өзгөчө кырдаал учурунда жана танаписте гана колдонууга уруксат;
- танаписте телефон менен акырын, кыска жана маданияттуу сүйлөшүү керек;
- мектепте телефонду кубаттоого, видео жана сүрөт тартууга тыюу салынат;
- мектептин кадыр-баркына зыян келтирүүгө, анын ичинде мектепти видеого тартып аны жайылтууга, зомбулук, вандализмди көрсөтүүгө тыюу салынат;
- тартип бузулган учурда мугалим окуучунун смартфонун алып, акт түзүүгө укуктуу. Телефонду мектеп жетекчилиги окуучунун ата-энесине берет.
Тартип бузулган учурда мугалим окуучунун смартфонун алып, акт түзүүгө укуктуу.