Connect with us

Ала-Букада мектептин имараты сапатсыз курулгандыгы боюнча кылмыш иши козголду (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Ноя 2024 | 131 | 0

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ала-Бука районунун Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имараты сапатсыз курулгандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматта, жүргүзүлгөн текшерүүдө, Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имаратын курууда жана кабыл алууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөй кабыл алынгандыгынын натыйжасында, баасы 59 млн 320 миң  сомду түзгөн мектептин имараты сапатсыз курулгандыгы аныкталган.


Пайдубалынын ичине кум-шагыл ташталбастан, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары (перегородка), ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20 см. 40 см. чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен, дубалдарда жаракалар пайда болуп мектептин имараты окуучуларды кабыл алууга жараксыз абалга келип, жабылып калган.

Бул факты боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 273-беренеси (сапаты начар курулуш) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү жагы Ала-Бука районунун ИИБнө тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM