Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 20-ноябрга караган түнү Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат.
Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.