Connect with us

«Илбирстин тайманбастыгы менен». Акылбек Жапаров экономикалык жетишкендиктер тууралуу айтты

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 130 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан илбирстин тайманбастыгы менен кадам таштаса, 2030-жылга чейин башкаларга үлгү гана болбостон, кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөт деп ишенет. Бул тууралуу ал Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында айтты.

Жогорку Кеңеш республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун колдоп бергенин, бул ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүү индикаторлорунун катышы, көз карандысыз эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана 2019-2024-жылдар аралыгындагы жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча маалыматтарды камтыган комплекстүү талдоо менен тааныштырды.

Анын маалыматына караганда, экономикалык өсүш 2021-жылдан бери тез жана туруктуу өсүүдө. ИДПнын орточо өсүү темпи 9%ды түзөт, бул олуттуу жетишкендик болуп эсептелет.

Жарандардын өкмөткө кайрылууларынын саны азайган — 2021-жылы 22,5 миң жарандан кайрылуу кабыл алынган; 2022-жылы – 19,9 миң кайрылуу; 2023-жылы – 18,7 миң; 2024-жылдын 10 айында кайрылуулар 16,7 миңди түздү.

«Биз бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан саясат реалдуу натыйжаларды берип, экономиканын өсүшүнө, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдеп, социалдык чыңалууну басаңдатып жатканын тастыктайт деп ишенебиз», — деди ал.

Ошондой эле, өзүнүн финансылык туруктуулугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү өскөн. 2021-жылдын декабрында 34 пайыз болсо, быйыл сентябрда 74%га чейин өскөн.

Кыргызстандыктардын азык-түлүк коопсуздугуна ишеничи артты, жакырчылык элет жеринде 2021-жылдагы 29%дан быйыл 16%га, шаарларда — 30%дан 18%га чейин төмөндөдү.

Акылбек Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугуна ишенген жарандардын пайызы да өстү деп эсептейт.

Шаар калкынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрындагы 60%дан 2024-жылдын сентябрында 88%га чейин, ал эми айыл тургундарынын арасында 83%дан 89%га чейин өскөн.

Акылбек Жапаров 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү керектигин айтты. Бул үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM