Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Эми түштүк тарап жабылат. Маалыматты Бишкек мэриясынан кабарлашты.
4-октябрда Жибек-Жолу проспектисинин түндүк тарабы Абдрахманов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин ачылды.
Ошол эле учурда, Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабы Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин жабылды.
Жалпысынан Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.