Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилди

Кыска кабар | 4 Окт 2024 | 112 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну бекитти. Бул тууралуу Фергана агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, макулдашууга 2024-жылдын 18-июлунда кол коюлган. Документте өзбек инвесторлоруна “Золотые пески”, “Дилором”, “Рахат” пансионаттарын жана толук курулуп бүтө элек “Бустон” объектиси узак мөөнөткө колдонууга, ал эми жер ижарага берилет. Бул үчүн инвесторлор объекттерди үч-төрт жылдыздуу кылып реконструкциялап чыгат. Пансионаттардын кызматкерлеринин 80%ы Кыргызстандын жарандары болуусу шарт.

— “Золотые пески” пансионаты “Ташкент механикалык заводу” акционердик коомуна берилүүдө;
— “Дилором” пансионаты “Асакабанк” акционердик коомуна;
— “Рахат” пансионаты “Өзбекстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн Улуттук банкы” акционердик коомуна;
— курулушу бүтө элек “Бустон” объектиси “Узпромстройбанк” акционердик коомуна өткөрүлөт.

Инвестициянын болжолдуу суммасы ар бир объектке 15-20 млн АКШ долларын түзөрү айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM