Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот

Кыска кабар | 4 Окт 2024 | 59 | 0

Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бишкектеги базар, соода борборлорунда ВИЧ, сифилис жана гепатиттин В,С түрлөрүн аныктай турган экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 7-октябрда баштала турчу акция 1-ноябрга чейин созулуп, саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

Дареги жана графиги:

  • 7-октябрь — «Таатан» соода борбору;
  • 9-11-октябрь — «Дордой Дыйкан» жана «Дордой Моторс» базарлары;
  • 14-16-октябрь — «Аламүдүн» жана «Табылга» базарлары;
  • 24-26-октябрь — «Орто- Сай» базары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM