Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндары: Аламан байгеде «Каракыз» 3-орунда келди

Кыска кабар , Спорт | 13 Сен 2024 | 520 | 0

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон Аламан байгеде эл аралык деңгээлдеги бир нече  жарыштын баш байгесинин ээси, кыргыз күлүгү «Каракыз» үчүнчү орунда келди.

25 чакырымдык аламан байгеге 27 күлүк катышып, маарага жети ат келди. Биринчи, экинчи болуп казак күлүктөрү «Айкабак» менен «Жумуртуяк» келди. Ал эми үчүнчү болуп кыргыз күлүгү «Каракыз» келди.

Астанада ат оюндары «Казанат» ат майданында өтүп жатат.

Ошондой эле бүгүн жорго салышта кыргызстандык Чубак Жайлообек уулу «Чиксон Лок» жоргосу менен биринчи орунда келди.

Ал эми экинчи болуп «Ак-Жауын» жоргосу менен казак чабандеси Ербулан Тилеугали уулу келсе, үчүнчүдө кыргызстандык Нурел Иранков келди.

Кошумчалай кетсек, 13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи көрүүчүлөрсүз өтөт. Уюштуруучулар ушул жылдын жаз айларында оюндарга бөлүнгөн бюджет кыскартылгандыгына байланыштуу көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи оюн-зооксуз, протокол форматында өтө турганын, жабылыш аземине катышуучулар гана киргизилерин билдирди. Ал эми көрүүнү каалагандар телеканалдардан түз эфирде көрсө болору айтылды.

V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө медалдык эсептер боюнча Кыргызстан 16 алтын, 17 күмүш жана 20 коло, жалпы 53 медаль менен Казакстандан кийин экинчи орунда келе жатат. Ошондой эле үчүнчү орунда Өзбекстан жана төртүнчү орунда Орусия.

Астанада өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпысынан спорттун 21 түрү боюнча 89 өлкөдөн 2500дөй спортчулар катышууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл  8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан демилге көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM