Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 6 Авг 2024 | 1103 | 0

Кыргызстандык балбан, грек-рим курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Жоламан 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде женди.Чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутты 9:0 эсебинде жеңген.

Жарым финалдык беттеште Шаршенбеков Кеничиро Фумита менен беттешти. Анда 4:3 эсеби менен жапониялык балбанга утулду.

Copyright © 2017 Maral FM