Биз менен байланышыңыз

УКМК кызматкерине пара берүүгө шектелген көзөмөл постунун башкы инспектору кармалды

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 177 | 0

Ири өлчөмдө пара берүүгө шек саналган «Жаңы-Арык» транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору О.Н.Ш. кармалды.

Улутук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын июль айында салмак-габариттик көзөмөлдүн башкы инспектору О.Н.Ш. айдоочуларга айып төлөөдөн качууга көмөк көрсөтүү жана кылмыш ишин козгоодон баш тарттыруу үчүн УКМК кызматкерине 200 миң сом пара сунуштаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголду.

20-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 200 миң сомду которуп жаткан жеринен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин транспорттук көзөмөл кызматынын башкы инспектору О.Н.Ш. кармалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM