Биз менен байланышыңыз

«Чек талап кылып, байге утуп ал». Салык кызматы жеңүүчүлөрдү аныктайт

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 267 | 0

Мамлекеттик салык кызматы кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын акыркы этабы аяктаганын кабарлады.

Жакын арада көз карандысыз комиссия акциянын июль айынын акыркы этабынын жыйынтыгын чыгарып, iPhone 14 уюлдук телефонун жана башка төрт смартфондун ээлерин аныктайт.

Акцияга катышуу үчүн контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу фото же видеороликтерди Instagram же Facebook жеке баракчаларына жайгаштыруу керек болгон.

Салык кызматы бардык жарандарды активдүү болууга жана бардык товарларды жана кызматтарды сатып алууда контролдук-кассалык чектерди талап кылууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM